Menu

Советбек Байгазиев, манастаануучу: «Бексултан Жакиевдин “Манасына” А.Атамбаев бет ачар сөз жазып, мен баш сөз арнагам»

Бөлүшүү:

— Советбек Орозканович, азыр мектептерде «Манас» эпосун окутуунун абалы кандай?

— «Манас» эпосу союз маалында мектептерде 10–12 саат көлөмүндө эле окутулган. Океандай «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтикке эң эле аз саат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 1-класстан 11-класска чейин «Манас» үчилтигин үйрөнүүгө 60тан ашык саат ыйгарылган. «Манаска» саат бөлүүдө Кыргыз билим берүү академиясы чечкиндүү бурулуш жасаган десек болот.

— Мындай программаны кимдер түзгөн?

— Абдыкерим Муратов экөөбүз түзгөнбүз. Мектепте «Манас» Кыргыз адабиятынын курамында окутулат. Биз түзгөн программа 1993-жылдан бери карай мектептерде туруктуу программа катары колдонулуп келе жатат.

— Эмне үчүн интернет сайттарда жана басма сөздө «Манас» деген китепке эротикалык эпизод кирип кеткен деп чуулдап жатышат? Мунун төркүнү эмнеде?

— Көптөр педагогикада программа, окуу китеби, хрестоматия, методикалык курал деген эмне экенин билишпейт да. “Манас” программасына, дегеле тарыхта эротикалык эпизод кирген эмес, азыр да жок. Андай эпизод буга чейин чыккан «Манастын» оригинал тексттеринин биринде да жок. Окуу программасы буга жол бербейт. Ал педагогикалык документ. Окуу китеби, программа мугалимдердин сынагынан, апробациядан өтмөйүнчө чыгарылбайт. Окуу куралдары, хрестоматия да кабыл алынган стандарт боюнча түзүлөт. Булар педагогикалык таразадан өтүп, көптөрдүн талкуусуна түшөт. Кандайдыр бир тескери нерсенин орун алышы мүмкүн эмес. Ал эми жанагы талаштын предмети болуп жаткан Бексултан Жакиев түзгөн «Манас — ​кыргыздардын баатырдык эпосу» деген китеп биздин академияда түзүлгөн эмес. Ал окуу китеби эмес, окуу-методикалык курал эмес, а түгүл хрестоматия да эмес. Бул жөн гана «Манастын» кыскартылган тексти, кошумча материал гана. Ал окуучулардын колунда сабак учурунда милдеттүү түрдө боло турган окуу китеби, хрестоматия эмес. 2017-жылы министрлик мектепке расмий сунуштаган окуу куралдарынын тизмесинде аталган китеп жок.

— Сиз санаган бул педагогикалык китептерди чыгаруунун тартиби кандай? Алар сиздерде кандай тартипте бекитилет?

— Программалар, окуу китептери, окуу куралдар, методикалык колдонмолор Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинде бекисе гана жарыкка чыгууга укук алып, мыйзамдуу күчкө ээ болот.

— Лаборатория бекитсечи?

— Лаборатория сунуш гана кыла алат. Лаборатория чечимине таянып, Министрлик окуу китебине гриф берип чыгара албайт. Министрлик окуу китебин, колдонмолорду, куралдарды Академиянын окумуштуулар кенешинин чечими менен гана чыгара алат. Жобо ушундай.

— Андай болсо, Бексултан Жакиев түздү деп жазылып жүргөн эротикасы бар “Манас” китеби кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинен өттү беле?

— Жок, өткөн эмес.

— Анда Билим берүү министрлигинин Бексултан Жакиев түзгөн «Манас — ​кыргыздардын баатырдык эпосу» аттуу китебине берген грифи эрежеге каршы берилген болобу?

— Ооба бул жерде жобо бузулган. Эми буйрук чыгарган экс-министрге деле түшүнсө болот. Ал Манас жөнүндөгү китеп чыксын деген жакшы ойдо болду да. «Манаска» кайсы кыргыз каршы чыкмак эле. Иши көп, убактысы жок министр кол жазманын ичинде эротикалык эпизод бар экенин кайдан билсин. Ал терс эпизодду китепти чыгарган басма алып ташташы керек болчу. Басмада китепти чыгарууга жооптуу редактор деген болот. Редактор кол жазманы дыкат карап, түзүүчү менен иштешет. Акыры, сигналдык экземплярга «Чыгарууга уруксат» деп авторго кол койдурат. Министрдин буйругу бир башка, кол жазманы дыкат карап, сапаттуу чыгарууга, кол жазманын осол кемчиликтерин автор менен бирдикте четтетип, анан чыгарууга басма милдеттүү. Ошол эротикасы бар сигналдык экземплярына ким кол койгон, түзүүчүбү же редакторбу? Жоопкерчиликти ошол кишилерден сураш керек. Эгерде эротикасы бар китептин кол жазмасын министрлик академияга бергенде, педагогдор терс эпизодду дароо алып таштамак. Тилекке каршы уят эпизоду бар кол жазманы министрлик академияга жиберип, Окумуштуулар кеңешинде талкуулап, чечим чыгарууга жөнөткөн эмес. Жөнөтпөгөн соң келбеген белгисиз кол жазманы окууга, баа берүүгө Окумуштуулар кеңешинин да, лабораториянын да мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Демек, кол жазманын мазмунун анализдеген жазуу жүзүндөгү корутундуну академия бербеген.

— Китепте академиянын Мамлекеттик Тил жана лингводидактика лабораториясынын чечими менен басылды деп жазылып жүргөнү кандай?

— Минтип жазып койгон туура эмес. Гриф китепке министрликтин коллегиясынын жана академиянын окумуштуулар кенешинин чечими менен гана ыйгарылат. Лаборатория грифке чечим бере албайт. Ошон үчүн туура эмес. Башынан түшүндүрөйүн. «Манас» боюнча мектеп үчүн чакан, кыскартылган басылма ушу күнгө чейин жок. Бексултан Жакиев «Манастын» кыска вариантын түзүптүр деп уккам. Китеп кылып чоңдор үчүн чыгарыптыр, бирок мен ал китепти көргөн эмесмин. Түзүүчү Бексултан Жакиев ошол китебинин кол жазмасын балдарга ылайыктап министрликке бир учурда берсе керек. 2009–2010-жылдарда мени карап көрсүн деп министрликтен Жакиевдин «Манас — ​кыргыздардын баатырдык эпосу» деген китебинин кол жазмасын берип жиберишиптир. Кол жазманы башынан аягына чейин карап чыккам. Анда жанагы эротикалык эпизод жок болчу. Кол жазма таптаза эле. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Кыргыз адабиятынын» 10 томдугун чыгарам, каражат бар деп долбоор түзүп калды. Каныбек Иманалиевдин ошол долбоору менен мендеги Б. Жакиевдин «Манас- кыргыздардын баатырдык эпосу» кол жазмасын Кыргыз энциклопедиясынын басмасынан мектеп үчүн чыгардык. Ага Президент А. Атамбаев бет ачар сөз жазып, мен баш сөз арнагам. Анда эротиканын карааны да жок. Таптаза «Манас» болучу. Ал китеп мектептерге тарап, азыр анын экземплярлары академияда турат. Лаборатория Жакиевдин ушул таза “Манасын” чыгарса деген тилекте рекомендация берген.

— Министрлик ошол сиздер чыгарган вариантты көбөйтүп чыгарса болмок экен да?

— Министрлик биз сунуштаган Алмазбек Атамбаев ак жол каалаган, өзүм баш сөз жазган Бексултан Жакиевдин ошол таза «Манасын», академиянын окумуштуулар кеңеши аркылуу өткөрүп алып, анан гриф берүүгө уруксат берсе чоң иш кылмак. Тилекке каршы, академиянын лабораториясы эксперттен өткөрбөгөн, рецензиялабаган, сунуштабаган башка вариант басмадан чыгарылган. 2010-жылы классикалык таза “Манас” чыкса деген бир сүйлөмдөн турган лабораториянын сунушун 5 жыл өткөндөн кийин архивден алып чыгышып, 2015-жылкы “Манаска” чаптап коюшкан. Муну менен ката “Манасты” чыгаруучулар өздөрүнүн жаңылаштыктарына “бет парда” таккылары келишкен. Лаборатория: “Китепти түзүүчү Манас менен Каныкейдин түнүн кол жазмага киргизип, мурда болбогон жаңылыкты жаратыптыр. Б. Жакиев түзгөн “Манас” кызыктуу экен, ушуну чыгаргыла” деп сунуш берген жок да.

Азыркы көзөмөлсүздүктүн заманында жанагы эротикалык эпизодду китепти чыгаруу процессинде басмадагылардан кимдир-бирөө кошуп жибердиби, ким билет? Басмадан китеп чыгардын алдында сигналдык экземплярга министрликтин эксперти кол коюшу зарыл. Ошондо тартип жана жоопкерчилик күчөмөк.

— Эми мындан ары эмне кылыш керек. Б. Жакиевдин «Манасынын» мектептеги тагдыры кандай болот?

— Эми Б. Жакиевдин бул китеби кошумча эле материал. Жыл сайын министрлик мектептерде колдонулуучу окуу китептердин, окуу куралдардын, колдонмолордун тизмесин «Кутбилим» газетасына жарыялайт. 2017-жылдагы ошондой тизмеде Б. Жакиевдин «Манасы» жок. Демек мындан ары да болбош керек. Кокус кошулуп кеткен ошол кокуй эпизоду бар китепти пайдаланбоо жөнүндө мугалимдерге рекомендацияны «Кутбилимге» жарыялоо керек. Мындан ары бул китепти чыгара турган болсо, анда жанагы эротиканы алып таштап чыгарыш керек.

— Жакиевдин китебиндеги эротика жерин алып таштап пайдаланса боло береби?

— Бир гана ошол эротика китепти бузуп турбайбы. Калган мазмунунун бардыгы жайында. Улуу «Манастын» бардык салттык мазмунун кыска жана нуска чагылдырат. Жакшынакай мазмунга жанагы уят эпизод гана көлөкө түшүрүп жатат. 2012-жылы А. Атамбаев баш сөз жазып, биз чыгарган Б. Жакиевдин ушул эле «Манасын» кайра чыгаруу керек. Анда эротикалык эпизод жок.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: