Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Азия Ньюс” гезитине чыккан материал боюнча “адамдын ар-намысына шек келтирген жалган маалымат жана карикатура боюнча баа берүүңүздөрдү өтүнөм” деп ММКга даттанган арыздарды караган комиссияга журналист Аслан Сартбаевдин үстүнөн арызданды. Буга аталган гезитке “Пул чыккан жерден машкеге айланган Курсан Асановбу?” деген аталыштагы коллаж менен маалымат себеп болгон. Анда Асановдун сүрөтү итке салыштырылып, “Курсан Асанов өлүм алдында жаткан адамдардын тагдырына түкүрүп, акча жасап алганы ачыкталабы?” деген мааалымат жарыяланып, 2010-жылдын июнь окуясында “барымтада калган өзбектерден миллиондорду алганы ыраспы?” деген суроо коюлган. Мындан улам, Курсан Асанов гезиттин редактору Аслан Сартбаевди сабаганы да айтылган. Коомчулук Асландын кылыгы чектен ашып кеткенин, мындай жоругу менен бүтүндөй журналистгерге көө сүйкөп, жаманатты кылып, беделин түшүрүп жатканы айтылууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ