Орусиядан мекенине кайтып келген өзбекстандыктар
Өзбекстан Эл аралык миграция уюму менен биргеликте Орусияда оор абалга кабылган 17 жаранын чартердик каттам менен мекенине жеткирди.
Өзбекстандын тышкы миграция боюнча агенттигинин маалыматына караганда, өзбекстандыктардын бирөө Екатеринбургдан, экөө Казандан, экөө Москвадан, бешөө Башкортостандан жана жетөө Санкт-Петербургдан келди. Алардын көбүн кош бойлуу келиндер, оорулуу жана багар-көрөрү жок жарандар түзөт.
Буга чейин Москвадан 15, Санкт-Петербургдан 7 жана Абхазиядан 299 өзбекстандык чартердик каттамдар менен мекенине жеткирилгени кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ