Талас облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө санитарка сабалган. Бул тууралуу Талас РИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 28-январь күнү болгон. Жабыр тарткан оорукананын кызматкери милицияга арыз менен кайрылган.
Маалыматтар боюнча, ооруканага келген адамдар бейтаптын бөлмөсүнө кирейин дегенде, санитарка карантинге байланыштуу бардыгы бет кап кийүүгө тийиш экенин түшүндүрүп, кезекти күтүп анан кирүүнү айткан. Буга ооруканага келген адамдардын жиндери келип, алыстан бери жол жүрүп келгенин милдет кылып, бөлмөгө кириши керектигин айтышкан. Жыйынтыгында алар сөз менен уруша кетишип, белгисиз адам санитарканы ур-тепкиге алган.
Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ