Menu

Видео – Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды. Аны вице-премьер Акрам Мадумаров тааныштырды

Бөлүшүү:

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат,  Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды. Аны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров тааныштырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилет.

Өзгөчө абал киргизилгенде же мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаал түзүлгөндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын, улуттук коопсуздукту, жарандык коргоону, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.

Өзгөчө абал режимин камсыздаган күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну ишке ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө акт кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: