Menu

Видео – “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов Кыргызстан Россия менен кайра биригиш керек деп эсептейт

Бөлүшүү:

“Азыр Кыргызстанда “Биримдик” деген жаңы партия түзүлдү, мен ал партиянын төрагасы болом. Биздин ураан “Демократиялык социализм” жана “Евразиялык тандоо” болуп саналат. Максатыбыз, философиябыз – бул Евразиячылдык, биз ошол тарапка умтулабыз. Биздин көз карандысыз 30 жылдык тарыхыбыз “эсиңерге келгиле, кайра артка кайтканга убакыт келди!” дегенди көрсөттү”, – деп билдирди “Биримдик партиясынын лидери Марат Аманкулов Россиялык делегация менен жолугушууда.

“Биз бул багытта конференция өткөргөнү жатабыз, ага Дугин сыяктуу (Александр Дугин – ред.) философторду, окумуштууларды, философтук клубдун мүчөлөрүн чакырабыз. Андан кийин бизде да ал клубдун филиалы ачылат деп ойлойбуз… Чынында эле биздин Россия менен тамырыбыз бир. Чынында эле Евразиянын аймагында Евразиялык союзга бириккен гана мамлекет суверендүү боло алат. Ошондуктан биз Кыргызстан өзүбүздүн өз алдынчалыгыбызды жоготпош үчүн азыр биригишибиз керек. Россияда акыркы 2000 жылда 4 жолу мамлекет пайда болуп, кылымдарга бекемделип калды. Биздин тамырыбыз жалпы. Жалпы тамырдан чыкканбыз. Россия ордонун мураскери катары да айтылып жүрөт. Ошондуктан биздин жалпы тамырыбыз чын эле бир. Албетте эркиндик деген жакшы, бирок үйгө кайтууга убакыт келди”, – деди “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов.

Эске сала кетсек, саясый илимдердин доктору Александр Дугин Россиянын президенти Владимир Путиндин Еразиялык союз боюнча кеңешчиси, Евразиялык союз деген ат менен СССРди кайра жандантуу теориясынын автору.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: