Menu

Айбек Карымов, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Фабула” гезитин сатып алганым чын”

Бөлүшүү:

Маалымат каражаттарынын арасында өз орду, салмагы бар «Фабула пресс» гезити айрым бир себептерден улам 3 айдан бери чыкпай калып окурмандарды түйшөлтүп койду. Ар дайым чындык, сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, коомдогу ачуу-таттууну калыс чагылдырып келген «Фабула» гезитин жөн салды жаап коюу мүмкүн эмес эле. Кимдир бирөө баары бир куттуу гезиттин багын байлабай чыгармак. Дал ошондой болду. Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн белгилүү ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айбек Карымов агабыз «Фабуланы» сатып алып, кайрадан жарыкка чыгарууну колго алып отурат. Биз Айбек мырза менен гезитти эмне максатта сатып алганын жана келечек пландары туурасында азыноолок кеп кылдык.

– Айбек мырза, сиз жакынкы эле айларда сахна менен коштошкон чыгармачылык концерт бердиңиз. Сахнадан кетүүгө эмне ссбеп болду?

-Мен бала кездеги чыгармачылыкта болгон кыял-тилектеримдин көбүн ишке ашырдым. Кичинемде ырчы болом, сахнанын адамы болом деген максаттарыма жеттим. Сахнадан көп нерсе таптым. Бир тууган, дос, күйөрман таптым. Бакыт таап, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болдум. Чыгармачылыктын бийик жеринде жүрдүм. Ушуга Кудайга шүгүр келтирем. Анткени “күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей ар бир нерсенин өз убактысы, доору болот. Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун «Сахнадан дагы жакшынакай болуп сый-урмат менен кеткен жакшы» – деп айтканы эсимде. Демек, сахнадан дагы сый-урмат менен кеткенди билиш керек. Анын үстүнө жашыбыз элүүгө келди. Гастролдоп жүргөндү туура көрбөдүм.

– Буга дейре сахнада чыгармачылык жаатта элге кызмат кылып келдиңиз, эми алдыда дагы кандай максаттарыңыз бар?

– Албетте, буга дейре аздыр-көптүр чыгармачылык жаатта элибизге кызмат өтөдүк. Дээрлик 25 жыл сахнада эмгектендим. Чыгармачылык жааттагы  эмгегимди баалап, президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наам берди. Мындан ары башка тармактрада  өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Учурда ишкерлик менен алекмин. Ошондой эле КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсүмүн. Элге кызмат кылайын деген көкүрөктө кайнаган аруу тилектер бар. КТРКнын жетекчилигине талапкерлигимди койсомбу деп да ойлонуп жатам.

– Демек, сизди саясатта көрүп калышыбыз мүмкүн экен да?..

– Эми саясат мени кабыл алабы же мен саясатты кабыл аламбы мунун баары азырынча күмөн. Себеби алдын ала мындай кылганы жатам деп айтуу кыйын. Бирок саясатка барсамбы деген ой-максаттар бар. Элге ак кызмат кылганга, калыс, таза иштеп бергенге билимим, күчүм, акылым, эрким дагы жетет.

– Сиздин «Фабула пресс» гезитин сатып алганыңыздын себеби дагы саясатка даярдануубу?

– Негизинен «Фабула» гезитинин маалымат айдыңында өзгөчө орду, салмагы бар экенин жакшы билет элем. Бул гезитти акыркы айларда жоготуп алдым. Анан “чыкпай, жабылып калыптыр” дегенди угуп, ээсинен чыгарбасаңар мен чыгарайын деп сүйлөшүп, сатып алдым. Албетте, гезит көп, бирок гезиттин деле эл арасында салмагы, өз орду, таза максаты, багыты болот. «Фабуланы» дагы мен ушул ниетте алдым. Кудай буюрса, мындан ары да элге так, туура маалымат жеткирип, бийликтин кемчилик-артыкчылыгын, элдин үнүн калыс чагылдыра берет деп ишенимдүү айта алам.

– Негизи гезиттин ээсине карата сын-пикир уккан аткаминерлер тарабынан, ошол эле тааныш-билиш мамилеш достор тарабынан гезитиң минтип жазыптыр”, “тигинтип сындаптыр” деген нааразы болгон таарынычтар көп болот. Ошолорго кандай реакция кыласыз?

– Бул достук деле, тууганчылык деле чындыктан алыс кетпейт. Эгер гезит чындыкты, калыстыкты жазып жатса ага таарынбай, тескеринче сабак алыш керек деп ойлойм. Платон менин досум, бирок чындык баарынан жогору турат дегендей кеп. Улуу залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы «Чындык – бул жакшылыкка умтулуу» деп айткан да. Анын үстүнө гезит меники болгону менен ал жерде иштеген чыгармачылык жамаат бар. Редакциянын өзүнүн саясаты, ар бир журналисттин тутунган чындыгы, позициясы болот. Гезит жеке эле менин көз карашымды чагылдырып, менин эле көзүмдү карап турат деген
жаңылыштык. Андыктан мен ар бир журналистти мындай жазасың, тигиндей кыласың деп айткандан алысмын. Антсем, калыстыктан тайган болом. Демек, журналисттер жакшы маалымат жазышса да, же анча-мынча калпыстык кетирип жаңылышса да жоопкерчилик чыгармачылык жааматтын өзүндө болот. Себеби чыгармачыл адам эркин болушу керек. Аларды капаска камагандай кылып чектөө мүмкүн эмес. Чек шык, жөндөмдү өлтүрөт. Ошондуктан эркиндик да, жоопкерчилик да журналисттердин өзүндө болот.

Маектешкен: Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: