Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо райондук борбордук мечитинде имамдардын жана райондук жалпы дарыгерлер борборунун өкүлү Камчы Кылычбековдун катышуусунда “Биринчи байлык – ден соолук” аттуу жыйын өтүп, анда татаал климатта жашаган калктын ден-соолугун сактоо боюнча иш-чаралар тууралуу сөз болду. КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Жыйындын жүрүшүндө ден-соолук тууралуу дарыгер медициналык терминдер менен түшүндүрсө, ал эми бул тууралуу динде, хадистерде айтылган осуяттар тууралуу имамдар ортосунда маектешүү, пикир алышуу болуп, жыйынтыгында элге профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары көбүрөөк жүргүзүлүшү керектигине басым жасашты. Ал эми райхатиб Тынчтыкбек ажы Болотбеков “Кургак учукту бирге жеңебиз” долбоорунун алкагында имамдарга буклеттер таратып, жакынкы күндөрдө дарыгерлер менен биргеликте ден-соолук акциясы уюштурулуп, буклеттер таратылаарын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ