АКШ колдоо көрсөтүп жаткан Күрт-араб коалициясынын куралчан отряддары Ракканын чыгышындагы райондордун бирин “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынан бошотуп, өз карамагына алды.
Бир нече күн мурда башталган Раккадагы операция үч тараптан басып кирүү аркылуу ишке ашууда. Учурда шаардын түндүк бөлүктөрүндөгү аскер базасы үчүн салгылаштар жүрүп жатат.
300 миңге жакын тургуну бар Ракка шаары “Ислам мамлекетинин” Сириядагы ири таянычы болуп эсептелет. Сириядагы Адам укуктарына байкоо салуу борборунун маалыматына караганда, Ракканы бошотуу операциялары башталгандан бери коалициянын аба соккуларынан жабыркагандардын арасында жай тургундар да бар. Бүгүнкү күнгө карата алардын саны 50дөн ашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ