Menu

АКШда эки штаттын башкы прокурорлору Трампты сотко беришти

Бөлүшүү:

Колумбия окургу менен Мэриленд штатынын башкы прокурорлору АКШ президентин сотко беришүүдө. Алар Трампты мамлекеттик чиновниктердин чет өлкөдөн белек жана сыйакы алуусуна тыюу салган АКШ Конституциясын бузуп жатат деп айыпташууда.

Башкы прокурорлор АКШ Конституциясына ылайык, чет өлкөлүк инвестициядан пайдаланган мамлекеттик аткаминер глобалдык бизнес-империяны башкарууга акысы жок деп эсептешет.

Трамп январда активдерин уулдары башкарарын, бирок алар иштин жүрүшүнөн кабардар кылып турушарын билдирген. Көпчүлүк америкалыктар болсо президент кызыкчылыктардын кагылышуусунан оолок туруу үчүн бизнесин сатышы керек болчу деп эсептешет.

Колумбия окуругунун башкы прокурору Карл Рэйсин менен Мэриленд штатынын башкы прокурору Брайан Фрош Кошмо Штаттар үчүн кызмат кылган мамлекеттик чиновниктер Конгресстин макулдугусуз кайсы бир өлкөдөн, ханзаада же королдон белек, тартуу, сыйакы ала албайт деп эсептешет.

Республикалыктар басымдуулук кылган АКШ Конгресси Трамптын бизнесин сатпоо тууралуу чечмине каршы чыккан эмес. Башкы прокурорлор президентти сотко берүү менен мамлекеттик бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту сактоого тырышып жатышканын баса белгилешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: