Menu

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жагдайды туруктуу деп атады

Бөлүшүү:

Учурда ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу. 2020-жылдын башынан тартып, 10-апрелге чейин АКШ долларынын расмий курсу 11,92% жогорулаган. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрель күнү Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымы боюнча, 2020-жылдын башынан тартып, 10-апрелге чейин Улуттук банк тарабынан улуттук валютанын курсу кескин түрдө кескин серпилүүсүнө жол бербөө үчүн 8 интервенция өткөрүлгөн. Интервенциялардын жалпы суммасы 216 миллион АКШ долларын түзгөн.

“9-апрелге карата Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмдөрү жеткиликтүү. Бүгүнкү күндө 2 млрд 368 милн долларды түзөт” – деп билдирди Аида Карабаева.

“Мындан тышкары, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча дагы иштер жүргүзүлүүдө. Өзгөчө абал режиминде иш чаралар жүргүзүлүүдө, б.а. бүгүнкү күндө Улуттук банкка электрондук почта, телефон аркылуу келип түшкөн каттар каралууда. 20-марттан 9-апрелге чейин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү насыялардын мөөнөтү узартуу боюнча ар кандай маселелер менен 25 кайрылуу болгон. Аларга тийиштүү түшүндүрүүлөр берилген” – деп билдирди банктын расмий өкүлү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: