Орусия Кыргызстанга МИ-8МТ жана П-18 вертолетту бекер берди. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Орусия берген эки вертолет Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Орусиянын Коргоо министрлигинин 2018-жылы кол коюлган келишиминдин негизинде кайтарымсыз, жардам катары Кыргызстанга берилди. Ал техниканы тапшыруу аземи кечээ, 27-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кант шаарындагы авиациялык-техникалык эксплуатациялык бөлүгүндө болуп өткөн. Ага Башкы штабдын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев жана Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ