Menu

Президенттикке талапкерлер шайлоочулардан алган белектери үчүн оозеки эскертүү алышты

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкерлер БШКнын жумушчу тобунан шайлоочулардан алган белектери үчүн оозеки эскертүү алышты.

Маалыматтар боюнча, алардын бардыгына алдыдагы үгүт иш-чараларында мындай белектерди албоо сунушталды.

Садыр Жапаровдун өкүлү талапкер жылкыны алгандыгын четке кагып, мал ээсине кайтарылды деп ишендирди. Садыр Жапаров ак боз атты “сүрөт жана видео үчүн” гана минген, бирок аны белек катары кабыл алган эмес.

Ушундай эле себепти Адахан Мадумаров менен Курсан Асановдун өкүлдөрү дагы жасашты.

Аймен Касеновдун өкүлү болсо жылкы талапкердин атасына таандык экенин айтты.

Буга чейин Абдил Сегизбаевге жылкы берилгени да маалымдалган. Бирок анын штабында бул маалыматты четке каккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: