Menu

Чымкентте бийликтен жардам сураган аял өзүнө өрт коюуга аракет жасады

Бөлүшүү:

26-ноябрь күнү кечинде Чымкентте жергиликтүү бийликтен жардам сурап жүргөн аялдардын бири Индира Үсөтаева калаа акимчилигинин алдында өзүнө бензин куюп, өрттөөгө аракет жасады. Полиция анын бул аракетине жолтоо болуп, өрттөн сактап калды.

Үсөтаева менен чогуу келген алты аял аким Мурат Айтеновдун отставкасын талап кылды. Алар жергиликтүү бийликтин “23-ноябрда акимчиликке келген бул аялдар мурун мамлекеттен акчалай жардам алышкан” деген билдирүүсүнө нааразы болушту.

23-ноябрда Чымкент акимчилигине жүздөй аял келип, калаа башчысы Мурат Айтенов менен жолуктурууну талап кылышкан. Аялдар үйлөрүн жылытарга көмүр ала албай жатышканын, балдарын окутканга интернеттин жоктугун, азык-түлүктүн жетишсиздигин жана турак жай маселесин көтөрүшкөн.

25-ноябрда Чымкент акимчилигинин ички саясат бөлүмү соцтармактар аркылуу кайрылган аялдырдын жетөө эки күн мурун мамлекеттен каржылай жардам алганын жарыялаган. Анда Үсетаева бир миллиондон ашуун теңге, Сауркулова үч миллиондон ашуун теңге алганы айтылган.

26-ноябрда акимчиликке келген аялдар бул маалыматты төгүнгө чыгарышты. Алар бул боюнча мэрден түшүндүрмө талап кылышты, Айтенов нааразы топ менен жолуккан жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: