Тээ күз мезгилинде белгилүү калемгер, экс-чиновник Бабырбек Жээнбеков оор дартка кабылып, чет өлкөлөрдүн бирине операция жасатууга кеткенин жазган элек. Ошентип Бакебизге Түркиядан операция жасалды. Операция ийгиликтүү өттү. Кудайга шүгүр, кесиптешибиз азыр калыбына келип, режим кармоо менен күн өткөрүүдө. 30-декабрдын таңында Кыргызстанга уулу Равшан экөө кайтып келишип, дароо түлөө өткөрүп, ага-тууган, эл-журттан бата алды. Ылайым кыйнаган кырсыгыңыз эски жыл менен чыгып кетип, тезинен сакайып, мындан ары сак-саламатта жүрүшүңүзгө тилектешпиз!
Канжар Борпошов
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ