Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Талас облусунда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы сапар алкагында Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына катышат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, ошондой эле Талас мамлекетик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: