Menu

Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы жаңы элчиси ишеним грамоталарынын тапшырды

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-январь күнү Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы жаңы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министрлигинин протокол иштери боюнча министринин орун басарынын жардамчысы Шихаб Аль Фахимге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шихаб Аль Фахим КРнын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчиси катары дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жана кызматташууну бекемдөөгө багытталган милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалады.

Абдилатиф Жумабаев эки тараптуу кыргыз-эмираттык мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бардык күчүн жумшоого даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: