Menu

Дастанбек Жумабековдун катышуусунда Маалымат жана басма сөз күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн калыс чагылдырып келе жаткандыгы үчүн журналисттерге ыраазычылык билдирип, ЖМК өкүлдөрү Кыргызстандын парламенттик демократиялык багытта өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп келгендигин белгиледи.

“Сиздер эл менен бийликти байланыштырган башкы көпүрөсүздөр. Айрыкча, журналисттерге чындыкты жана бейтарап маалыматты жеткирүү милдети жүктөлгөн.  Андыктан, сиздерге бекем ден-соолук, бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм”, – дейт Д.Жумабеков.

Майрамдык салтанаттын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн чагылдыруудагы салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен төмөндөгү ЖМК өкүлдөрү сыйланды:  

Айбек Абдылдаев – «Би Би Си» Кыргыз кызматы;

Ольга Дзюбенко- «Томсон-Рейтерс» эл аралык жаңылыктар агенттиги;

Гулкайыр Жанымбетова – «Ош ТВ» телерадиоберүү компаниясы;

Каныкей Жунусова – КТРК;

Салтанат Калдыбаева –КТРК «Биринчи радио»;

Чолпон Кармышакова – «ЭЛТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

Гулнара Касымбекова – КТРК;

Наталья Любезнова – «Интрефакс» эл аралык маалымат агенттиги;

Элеанора Мамбетшакирова – «Азаттык медиа»;

Альбина Метерова –КирТАГ маалымат агенттиги;

Кылычбек Мурзалиев – «ЭЛТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

Жамиля Мүсүралиева –  «АKИpress» маалымат агенттиги;

Марифжан Парпиназаров –  «Ош Пирим» телерадиоберүү компаниясы;

Диля Родионова – «Kaktusmedia» маалымат агенттиги;

Алтынай Смайылбекова – «АKИpress» маалымат агенттиги;

Кожогелди Сопубеков – КТРК;

Таалайгул Сыдыкбекова – КТРК «Биринчи радио»;

Нурзат Токтогулова – «Пирамида» телеканалы;

Нурзада Тынаева –   «Knews» маалымат агенттиги;

Хокума Халилова – «Turkel» эл аралык гезити;

Назгүл Шарапиева – «Эркин Тоо» мамлекеттик расмий гезити;

Татьяна Швачева – «24.kg» маалымат агенттиги;

Андан тышкары, парламенттик радиону өнүктүрүүдөгү салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен “Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ААКнын башкы директору  Усан Жанузаков сыйланды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн чагылдыруудагы салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Жогорку Кеңештин энчилүү сааттары менен төмөндөгү ЖМК өкүлдөрү сыйланды:

Гулиза Авазова – «Вечерний Бишкек» маалымат агенттиги;

Дооронбек Адаханов – «Пирамида» телеканалы;

Акмарал Боорукеева – «НТС»телеканалы;

Жылдыз Жускембаева – «Super.kg» маалымат агенттиги;

Дыйканбек Керимбаев – «Эркин Тоо» мамлекеттик расмий гезити;

Амантур Мусагул уулу –«Де факто» гезити;

Нарынкүл Назаралиева – «Кыргыз Туусу» улуттук гезит;

Сиязбек Нурманбетов  – КТРК;

Александр Тузов – «Вечерний Бишкек» гезити;

Улан Чойбеков – «Кабар» маалымат агенттиги;

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: