Кечээ, 16-декабрда айланып өтүүчү жолдо болгон авто кырсыкта беш адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя кечээ саат 16.00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында болгон, анда Volksvagen Passat менен Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаалар кагышып, беш адам набыт болуп, дагы үчөө ооруканага жеткирилген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ