Menu

Трамптын кеңешчиси: АКШ Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди аткарат

Бөлүшүү:

АКШ президентинин өзөктүк куралдар маселеси боюнча кеңешчиси Кристофер Форд Дональд Трамтын сынына карабастан Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди аткара турганын билдирди. Бирок ал аталган макулдашуунун шарттарын Тегеран да сакташы керектигин белгиледи.

Айтымында, Акүй учурда 2015-жылдын июлунда түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасын чектөө тууралуу келишимди, ошондой эле буга чейинки администрациялар тарабынан түзүлгөн АКШнын башка макулдашууларын дагы карап жатат.

“Башкача чечим кабыл алынмайынча Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди карманат жана аны Ирандын да аткарышын камсыз кылат”, – деди Форд.

Акүй тарабынан каралып жаткан башка өзөктүк келишимдердин арасында 1968-жылы түзүлгөн Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишим дагы бар.

Форд андан сырткары администрация Орусиянын канаттуу ракеталарын өркүндөтүү боюнча жакындагы аракеттерине жооп берүү ыктымалдыктарын караштырып жатканын кошумчалады. Анын баамында бул орто аралыктагы өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча Вашингтон менен Москванын ортосунда түзүлгөн 1987-жылдагы келишимдин шарттарын бузат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: