Menu

Эл өкүлү Руслан Казакбаев президент Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жолдоду

Бөлүшүү:

“Сооронбай Шарипович, сиз учурдун талабы болуп турган маанилүү демилгени айттыңыз. Элдин биримдигин арттыруу үчүн экс-министрлер менен жолугууга даяр экениңизди билдирдиңиз.

Бул демилгени биз бүткүл топ менен колдойбуз. Учурдагы маанилүү заманбап идея. Сиздин демилгеңизди парламент, президентик аппарат жана жарандык коом баары колдоого алат.

Бирок билинбеген менен президенттик шайлоонун өткөнүнө бир жыл болду. Анткен менен бизде шайлоонун элеси, шайлоонун жаңырыгы биздин арабызда турат. Ушул идеяны, себеби дегенде сиздин оппозициядан чыккан атаандашыңыз шайлоочулардын 34%ын алып, шайлоонун чечимине макул болуп, жалпы ынтымак үчүн президенттик шайлоону колдоп берди. Өзүңүздү куттуктап, президенттик шайлоону таанып, элди тынчтандырып, ден соолугун чыңдоо үчүн өлкөдөн чыгып кетти эле. Өлкөдө саясий абал курчуп турганда бузукуларды укпастан, тажрыйбалуу аксакалдардын сөзүн угуп, бийликтин өз алдынча иштешине өз салымын кошуп өлкөгө келбей турду. Өлкөбүздүн стабилдүүлүгү үчүн депу-таттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө бекем туруп саясатка аралашкан жок.

Президентке кайрылуумдун себеби, жалпы партиялаштар жана шайлоочуларыбыз суранып жатат. Калыс, айкөл бул маселени карап берсеңиз” – дейт Руслан Казакбаев.

Буга чейин өлкө башчынын мындай ойду Таластан айтканы көпчүлүктү ойго салган. Анткени шайлоодо негизги атаандашы, эски бийлик тарабынан саясий куугунтукка кабылган Өмүрбек Бабанов ал аймактан эбегейсиз көп добуш алган, анын үстүнө экс-премьер эмеспи, балким Бабановдун өлкөгө келишине жол ачабы деген ой жаралат.

Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыгын таанып, жалпы эл тарабынан шайланган Сооронбай Жээнбековду куттуктап жигиттик сапатын көргөзгөн. Шайлоодон соң маалымат жыйынын өткөрүп, “Шайлоо бүттү, тиги же бул партияга чуркаган деп бөлбөй, эми өлкөнүн келечеги үчүн элди бириктирүү керек” – деп айткан.

Негизи эле, Өмүрбек Бабанов конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билген саясатчы экенин жалпыбыз билебиз.

Ал эми президент буга чейинки жарандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери, ишкерлер менен жолуккан.

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: