Атамбаев 15-апрелде Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасынын сакталышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн тарыхчы, этнограф, Н. Ф. Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин этнография лабораториясынын жетекчиси Бутанаев Виктор Яковлевичке, тил таануучу, фольклорист Өмүрбай уулу Макелекке жана тарыхчы археолог, Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана кафедрасынын профессору Худяков Юлий Сергеевичге III даражадагы «Манас» ордендерин тапшырды. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Президент Алмазбек Атамбаев кыргыздардын тарыхын изилдөөгө, тарых илимин, кыргыз тилин жана маданиятын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн өзүнүн жана бүт кыргыз элинин атынан сыйлангандарга чын дилинен ыраазылык билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ