Menu

Индонезияда жүргүнчү учак деңизге кулады

Бөлүшүү:

Индонезияда Lion Air авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган Боинг 737 учагы кыйрады. Түрдүү маалыматтар боюнча анын бортунда 189 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон.

Өлкөнүн Табият кырсыктарына каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңештин өкүлү Твиттердеги баракчасына учак кулаган учур тартылган видеону жарыялады.

Индонезиянын борбору Жакартадан Суматра аралындагы Палканпинанг шаарына багыт алган учак Ява аралынын жээгине кулап түшкөн. Ал абага көтөрүлгөндөн 13 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон. Учурда учакты издөө иштери жүрүүдө.

View image on TwitterView image on TwitterView image on TwitterView image on Twitter
​ “Lion Air” – Индонезиядагы эң чоң менчик авиакомпания. Анын карамагындагы 100дөн ашык учак дүйнөнүн 126 шаарына учат. Кырсыкка учураган учак быйыл августтан бери туруктуу каттамдарды аткара баштаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: