Menu

Эрнис Кыязов, 5-каналдын директору: “Али иним сага айтам, “Азаттык” сен ук!”

Бөлүшүү:

Али иним, түз айтканда мен сенин кыял-жоруктарың, мүнөзүң, ар кандай шарттарда адамга жасаган мамилең кандай экенин билбейм, бирок өз ишиңе кылган кумурскадай мээнеткечтигиңди, изденүүңдү сыйлайм. Бул – пафосу, пахтасы жок менин сага тан берүүм. Азыр экөөбүзгө тең чон сыноо келди иним, сен иштеген радиону “Атамбаев сатып алды..” деп имиш кылышып, анын акчасын Венера Жуматаева экөөң бөлүшүп алгандан бетер шекшишип; мен иштеген каналды “Раим миллион сатып алды..” деп айгай салышып, анын пулун Нарын Айып, Эльнура Алканова үчөөбүз бөлүшүп алгансып күмөн кылышып,.. кыскасы айрыкча сен экөөбүздүн кулагыбыз эки “миллионердин” айынан алмак-салмак кызып турган маалы. Мен өзүм тарапты абийриме салып айта турган болсом, Раим миллион деген лакап аты бар киши менен өмүрүмдө бет мандай келишип, сүйлөшкөн эмесмин, той-топур, аны мунуда да эч кезигишпептирмин. Журналисттик ишимде алакалашып, маек деле албаптырмын. Гуглдан сүрөтүн издесең 4-5ке жетпеген сүрөтү бар экенин, кечээ жакында суфлерду карап Атамбаевге карай айбат кылган видеосунан “тирүү” мимикалары, кабак-кашы, көзү-башы кандай экенин өмүрүмдө алгачкы ирет көргөнүм ошол болуптур. А агасы Искендер Матраимовду менин иш бөлмөмдө Нарын агай үчөөбүз олтурганда шапылдап кирип келгенде жанынан алгачкы ирет көрүп, алгачкы ирет саламдаштым. Бул жагы го бул болсун, ар кайсы фейктерге, атамбаевчил агониянын ачуусуна алдырган тараптарга кошулуп, сен деле, жетекчи башы менен (бир кезде мен жетектеген КТРдеги “Замана” студиясында иштеп кеткен) Айзада Касмалиева деген карындашым деле түз айтпасаңар да, кыйытып, жандатып, сыйкатып “Бешинчи каналды Матраимов сатып алганбы?…” деген таризде бөөсүп, өзүнөр гана көргүңөр келген чындыкты “көрүп”, дүйнөнүн бар чындыгын биротоло монополдоштуруп, а башкалар “бирөөнүн эсебинен жан баккысы келген күчүктөргө” (с) айланганы кызык болууда. Фейктерге эми айла жок, бирок “Азаттыктагы” акылы тетик, ою тунук инилерге, агаларга, карындаштарга, эжелерге Раим миллион темасы тууралуу Бешинчи каналда кеп козгогондордун дээрлик баары мурда “Азаттыкта” иштеген журналисттер экенин так жеткирип койчу иничек. Мына карап көр:

** “Апта сереп” программасынын алып баруучусу Шайырбек Эркин, “Главные итоги” долбоорунун алып баруучусу Нарын Айып жана ал программалардагы иликтөөнүн автору Эльнура Алканова да “Азаттыкта” иштеп кеткенин жакшы билесиңер, көрсөтүүнү көрүү үчүн ылдыйдагы шилтемени басыңыздар:

https://www.youtube.com/watch?v=Z4uCzsuNVg4 (Кыргыз тилинде)

https://www.youtube.com/watch?v=-dRrD_xiyQA (орус тилинде)

** Ал эми төмөндөгү “Күнөзөк” жана “Ой бугүн” көрсөтүүсүнө келгендердин бири Айданбек Акматов да “Азаттыкта” көп жыл иштегенин билесиң, анын: “..банк купуялуулугу деген бар. Банктагы жашыруун маалыматтарды көрүнөн эле катардагы журналисттерге кармата беришпейт. Азаттыктын иликтөөсүндө Алиге маалыматтарды кимдер бергени сырдуу болууда..” деген субьективдүу оюн биз Айданбек мырзага “айт!” деп мажбурлаган жокпуз, менимче Матраимовдор деле ага акча берип айттырбаган чыгаар деп ойлойм. Видеолорго шилтемелер ылдыйда:

https://www.youtube.com/watch?v=AIY0KknL8mo (Кунөзөк)

https://www.youtube.com/watch?v=yLlLCtFn0bM (Ой бугун)

** Ал эми “Ой бүгүндүн” жакындагы эле чыгарылышына “Азаттыкта” көп жыл иштеген, бейтарап мүнөзү, кыял-жоругу бар журналист Эсенбай Нурушев келип, Матратимовдор тууралуу, “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү алешемдиктер тууралуу эмне дегенин өз көзүнуздөр менен көрсөңөр, уксаңар болот. Менимче Матраимовдор Нурушевди сатып алып анан ушинтип айттырбаса керек, айтор жакшылап караныздарчы шилтеме аркылуу кирип:

https://www.youtube.com/watch…

Али иним, өзүң да биздин студияга келгенде Искендер Матраимовдун көзүнчө “мен жанагы шектүу миллиондорду Матраимовдордуку дегеним жок, болушу мүмкун деп шектенип атам..” дедиң. Бул өтө акылдуу жооп болду, анткени шек башка, факт башка. Бул деген сөз , “Али иликтөөсүндө бүт баарын айтып келип, Атамбаев менен байланышып жүргөн уйгурларды эмнеге камтып кеткен жок,.. демек Азаттыкты Атамбаев сатып алып койсо керек..” деп шектенүүгө толук болот, бирок бул толук факты эмес дегендик. Негедир шектенип атам демиш болуп туруп, мисалы жөн гана Адилет Айтикеевдин былтыркы постуна таянып, ал журналист жөн пост жазган жок, Атамбаев илгери Азаттыкты “сотко берем” деп коркутуп койгондон бери радионун позициясы саал жумшара түштү, демек радионун чондорун тымызын сатып алган болушу мүмкүн…-деп ойдо жок “мүмкүндөрдү” жоромолдой берсек сөз көбөйө берет. Эл арасындагы ар кандай имиштерди деле бир бирине токуп, “ Азаттыктын чон шефи Венера Жуматаева Прагадан Бишкекке учуп келгенде Фарид Ниязов озү аэропортко такси жиберчү экен..” деген тастыкталбаган маалыматтарды “мен ошентти дегеним жок, болушу мүмкүн дедим деп шектендим ..” деп урдура берсек туура болобу? Болбойт. Кантип эле Батукаевдин чыгып кеткенин Атамбаев билбей калсын, мунун башында өзү туруп, алчусун алды да…-деп логикага таяп айтуу да да болбойт, баарына факты, далил керек. Бишкек ТЭЦ, Тарых музейдеги миллиондорду да азыр ошого шектелип камакта олтургандар өздөрү эле жебесе керек, баары Атамбаевдин буйругу менен болгон иш чыгаар…-деп шектенүүгө акыбыз бар, бирок факты керек. Сен жакында эле маектешкен Өмүрбек Текебаев да ушул таризде айтканын байкаган чыгаарсын? Шашып-бушуп, чампалап күнөө тагуу болбойт деген маанини айтпадыбы ал. Маек арасында Өмурбек Чиркешович илгери “..кайсы бир жылы кайсы бир тараптар кайсы бир олкодогу аэропортто токтоп турган Боингде 4,5 миллиард доллар бар экенин айтып, ошону Кыргызстанга алып чыгып берели, 10 процентин Кыргызстан өзүңөр алып калгыла деди,.. мен Атамбаевге айтсам, ал 2 кундон кийин макул деп, анан кайра жок болбой калды дешти. А эми болбосо болбой калды деп тим болгом. Бирок ошондон киийин килтейген жүк ташуучу боингдер Стамбулдан Бишкекке , Гонконгго уча баштады..” деди эле, Али иним ошерден дароо “демек баягы 4,5 миллиарддын 10 процентин Атамбаев алышы мүмкун деп шекшип жатасызбы?” деп неге сурабады, неге маектин так ошол жеринде “болушу мүмкүн” деген шектенүү-инстинктиң иштеген жок деген ойдо калдым. Шектене берсек, шектүү миллиондордун изи Кыргызстанда көп эле иним, “Дамас” деген отелди өмур бою мамлекеттик айлык менен жан баккан Акылбек Жапаров кайсы миллионуна салды экен, зангыраган соода жайларын Нариман Түлеев кайсы кирешесине курду экен, Салымбеков кантип байып атты экен, Шаки кандайча миллиондорду айлантып атты экен, ун бизнеси бар Чыныбайдын тапкан-эткен миллиондору канчалык таза болду экен,.. ордо калаада биринен сала бири жабырап салынып жаткан соода борборлорун, көп кабаттуу үйлөрдүн түпкү кожоюндарынын чыныгы декларациясы кандай болду экен, тиги шумдуктарды кайсы миллиондорго салып жатты экен,..парламенттеги депутаттардын бизнестери, айдаган джиптери кайсы булактардан пайда болуп жатты экен..-деп шектене берсек, “болушу мумкундөр” жоопсуз улана берет. Сөздүн нокоту, ошончо көп миллионерлерибиздин арасынан “эки миллионердин” тирешүүсүнүн куралы болуп, “Азаттык” силер Атамбаевдин кылычын билинбей чаап, Бешинчи канал байкабай Матраимовдор кызыткан чогун кармап, аягында баарыбыз бирөөлөрдүн капканына тушүп ит болбойлу, “жалданган күчүгү болбойлу” (с) деген эле таза ниетим бар. Дагы бир ирет кайталайм, “Азаттыктын” азыркы жамаатына айтып кой, Матраимов темасын Бешинчи каналда айткан-деген, козогон кишилердин баары мурда “Азаттыкта” иштеген кесиптештериңер экен, ( Нарын Айып, Шайырбек Эркин, Эльнура Алканова, Эсенбай Нурушев, Айданбек Акматов) аларды “күчүк” деп шылдындасаңар, силер да “Азаттыктан” кеткен соң силерди да “күчүк” деп атаса жакшы болбой калаарын жакшылап айтып эскерте көр! Баары жакшы болот Али иним, сени ар кандай фейктер “Атамбаевге сатылыптыр”, “Илгери СДПК деген партияга мүчө болуп кирип, алигиче чыга элек экен..”, “эмки шайлоого атын чыгарып даярданып атыптыр..” деген сыяктуу “болушу мүмкүнгө” барабар шектүү имиштерге жеке мен ишенбейм, ишенгим да келбейт. Илгери бир курдай “Эрнис аке, биз сиздин көрсөтүүлөрду көрүп, сиздей болгубуз келип чонойдук, сизди урматтайбыз..” деген сыңар, мен да сендей көк жал, принциптүү иним бар экенине сыймыктанам, мага болгон ошондой бааңдын демин суутпаганга аракет кылам; журналисттик кайратын мокобосун, түгөнгөн сайын түтө, азайган сайын көбөй иним! Сен экөөбүздү пайдалангысы келген кандайдыр көрүнбөс дөө-шаалар болсо, акыры жүрүп алардын көзүн ойгонго, “эй, ушу кантип болсун!” деп үстөлдү бир муштаганга духубуз-рухубуз жетет деп үмүттөнөм.

P.S. Менин телефон сүйлөшүүмдү кимдер жаздырып, кескилеп алып коомго жайышы ыктымал?- деп ойлодум. Айрымдар шекшигендей Матраимовдор менен аласа-бересем жок болгон соң, ким жаздырса ошол жаздырбайбы,башытымды оорутуп не кылам…-деген менен, Али инимдеги “болушу мүмкүн..” деген инстинкт менде да ойгонду. Менде төмөнкү версиялар:

1). Кабинетимдин бир кычыгында мен Бешинчи каналга киришкенден тартып жаздыруучу аппарат орнотулуп, бул “шедевр” УКМКда экс-ажонун көздөй кишилеринин жасаган иши болушу мүмкүн.
2). Искендер Матраимов мени менен сүйлөшүп жатканда муну алдын ала жаздырып, ал жазууну атайылап бир тараптарга берип, же ага байкатпай кайсы бир тараптар алып тараткан болушу мүмкүн.
3). Орусиянын ФСБсынын колу, акылы жетпеген тармак Кыргызстанда жок. Бул алардын иши болушу мүмкүн.

Канткен чакта да, айнектелген офистерди салып, коридорлордун полдорун мизилдетип жаңылап, кызматкерлерге гүл бакча куруп берсең да, эфириң эл купулуна толбой турса баары кур бекер экенин КТРКны башкарып кеткен жетекчилердин бири өзү журналист эмес, бирок менеджер досум Илим Карыпбековдун башкаруу тажрыйбасынан аңдадым. Ошондон улам азыркы ишимде, маалыматтык-аналитикалык контентти толтурууда бардык тараптарды эфирге чакыруу – каналдын негизги көзүрү экендигин түшүнөм, кандай гана тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болбосун ошого аракет кылам.

Баарыңарды урматтап Эрнис Кыязов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: