Menu

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы: “Атамбаевдин элди мыйзамсыз, куралдануу кадамына түртүп жаткан аракетин токтотуу керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-июнда экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына экс-президент Алмаз Атамбаевдин кечээ, 22-июнда жердештерин жыйнап өткөргөн чогулушун, анда сүйлөгөн сөздөрүн, саясый кадамдарын сындап, пост жазды:

Атамбаев өтө мыйзамсыз, коркунучтуу жолго түшүп, өз жанын сактоо үчүн карапайым элди өз кызыкчылыгына колдонуунун аракетине киришти.

Биринчиден, ал Кой-Таштагы өзүнүн жердештеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө элге ачык кайрылып “Мен Сооронбайларга, чимкирик депутаттардын сотуна барбайм” деп ачык эле бийликке баш ийбөөгө ( неповиновение) чакырык таштай баштады. Мурда Президент болуп иштеген адам ушундай кооптуу чакырыктар менен чыгып жатса, анда анын чакырыгын уккан жаштар эмне болот? Ошентип Атамбаев от менен ойной баштады. Бул абдан жаман симптом. Бийликтин бийик сересине жеткен адам мындай кооптуу кадамга барбашы керек.

Экинчиден, жердештеринин алдында сөз сүйлөп, “Менде курал-жарак бар. Тапанча да, пистолет да бар, өзүмдү өзүм коргоп алам” деп мактанып элди мыйзамсыз, куралдануу кадамына түртүп жатат. Ал мыйзам жолу менен эмес курал колдонуу жолу менен күрөшөөрүн ачык билдирүүдө. Бул аракет кылмыш кодексинде оор статья менен көрсөтүлгөн. Ал мыйзам алдында жооп бериш керек.

Анын азыркы аракети 2010- жылдагы Бакиевдин Тейит айылындагы аракетине коёндой окшошуп бара жатат. Ал эмне менен бүткөнүн эл билет!

2010-жылы өзбек сепаратист Кадыржан Батыров “Өзбек элим селдей болуп бириккиле. Сел баарын агызып кетет” деп чакырык жасайм деп өмүр бою кесилип, акыры өлүп жок болду.
2017-жылы Өмүрбек Бабанов өзбек улутундагы жарандарга кайрылып “Чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы” деген чакырык жасай коём деп кылмыш иши козголуп, өз элинен качып жүрөт.

Эми 2019- жылы Атамбаев ” курал колдоном” деп чакырык жасаганы жогорудагыларга окшоп жатат.

Кыскасы, Атамбаевдин азыркы аракетин токтотуу керек.”

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: