Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов БАЭ президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянды БАЭнин Улуттук күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахаянды Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын элин чын дилимден куттуктайм!

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара колдоого жана жаңы ишенимге негизделген өнөктөштүк жана достук мамилелер эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов БАЭ Президенти, Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянга бекем ден соолук, ийгилик, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын элине бакубатчылык жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: