Menu

Кыргызстандык спортчулар Дүйнө чемпионатына катышат

Бөлүшүү:

Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турчу Дүйнө чемпионатына даярданып жатышат. Бул тууралуу жаштар иштери,дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Чемпионат 20-28-октябрга чейин болмокчу. Алгач эркин күрөш боюнча таймаш 20-23-октябрга чейин болуп, ага Кыргызстандан Улук Жолдошев (61кг.  салмак категориясында), Эламан Докутрбек уулу (70кг чейинки салмак.  кат-сы) жана Магомед Мусаев (97кг.  Салмак категориясы). Спортчулар менен кошо тунгуч машыктыруучусу  Суймонкул Таабалды уулу жана врач Бактыгүл Алишева бармакчы.

Ошондой эле 23-25-октябрга чейин боло турчу кыз-келиндер күрөшүнө Кыргызстандын атынан Айпери Медет кызы (76кг. Чейинки салмак категориясы) жана Мээрим Жуманазарова (68кг. чейинки салмак категориясы) катышмакчы.

Ал эми спортчу кыздарды машыктыруучусу Нурбек Ызабеков жана Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова коштоп бармакчы. Алган жаракатынан улам Айсулуу Тыныбеова бул жолку чемпионатка катыша албайт.

Чемпионатта акыркы болуп грек-рим стилиндеги күрөшчүлөр катышат. Күрөш 25-28-октябрга чейин болуп, ага Кыргызстандан Жоламан Шершенбеков (55кг. Чейинки салмак категориясы),Калы Сулайманов(60кг.ч.с.к), Урмат Аматов(63кг.ч.с.к), Амантур Исмаилов (67кг.ч.с.к), Кайрат Түгөлбаев (77кг.ч.с.к) жана Атабек Азисбеков (82кг.ч.с.к) катышмакчы.

Алар менен  тренерлери Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана калыс Майрамбек Ахметов барат.

Нурзида Тойгомбаева

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: