Menu

Кыргызстанда тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тышкары жүздөгөн майда майрамдарды өткөрүү үчүн бюджеттен жыл сайын 3 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди. Ал мамлекеттик салтанаттарды өткөрүүгө кеминде бир жылга мораторий киргизүүнү сунуштады.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын эң ири долбоорлорунун бири. Үчүнчү оюндардын өткөнүнө бир ай болду, мамлекеттик казынадан дээрлик төрт жарым миллион доллар коротулду. Кыргызстандын эки миллиарддык бюджети үчүн бул ири сумма экени маалым.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан тышкары 2018-жылы дагы бир масштабдуу долбоор өтүүдө: ал улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.

Эгер масштабы жагынан кичирээк мамлекеттик салтанаттарга келсек, 2018-жылы 100дөн ашуун республикалык деңгээлдеги майрам, фестиваль, мааракелерге бюджеттен акча бөлүнгөн.

“Бир жылда 105 жолу той! Эгер бир жылга бөлсөк, үч күндө бирден Кыргызстанда той өтүүдө”, – деди Акылбек Жаманкулов. Анын айтымында, тойлордун 90% эл билбеген инсандардын урматына арналган. Бюджетте каражат тартыш болуп жаткан маалда мамлекет майрамдарды чектеши керек.

Депутат республикалык деңгээлдеги салтанаттарды өткөрүүгө жок дегенде бир жылга мораторий киргизүүнү сунуштады. “Андан көрө бул акчага бала бакчаларды, мектептерди ремонттоп же таза суу менен камсыздашсын. Азыр той өткөрө турган маал эмес, беш жылдан кийин насыяларды кантип төлөйбүз, ошону ойлонушубуз керек”, – деди ал.

Өкмөт келерки жылы аш-тойлордун санын 80% кыскартууга убада берүүдө. Бирок салтанаттардын акыркы тизмеси жана чыгымдары тууралуу маалымат бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: