Өткөн жумада Манас Арабаев үй камагына чыгып кетти. Ага карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөө жана инвесторлордун мүлкүн тартып алуу боюнча айыптар коюлганы айтылган. Андан сырткары, мурдагы режим тушунда адам укуктарын тепселеп, саясый куугунтуктарды уюштурганы да ЖМК беттеринде жазылып келген. А реалдуулукта болсо, Арабаевдин күңүрт иштери жең ичинен бычылгандай болуп, көп нерсе ачыкталбай, ал эркиндикке чыгып кетти. Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берүү менен мойнундагы жүгү алынып калабы? Мыйзамдын майрыгы – «тергөө менен кызматташуу» деген балээ болду. Убагында президенттик аппараттын таасирдүү кызматкери болуп туруп, сотторду каалагандай калчаганы, далай көз жаш агызганы бүгүн тыйынга арзыбай калганы кандай? Бул эргул камалганда Эдил Байсалов «Манас Арабаевдин жүздөгөн киши өлтүргөнгө тете айыбы бар» деп гезитибизге маек берген. Дал ушундай адам жеңил жол менен күнөөсүнөн арылууга багыт алганы эмнени түшүндүрөт? Азыр түрмөлөрдө болбогон жалаалар менен жүздөгөн мекендештерибиз жөн жерден отурушса, анан кайдагы теңчилик жөнүндө сөз кылабыз? Кыскасы, бүгүн да укук коргоо, сот органдары карапайым калкты эзгени, ошол эле маалда чөнтөгү калың, кечээги таасирдүү чиновниктерди калкалаганы байкалды. Мындай жүрүштүн арты жакшы болчу эмес эле…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ