Кыргызстандын экс-премьер-министри Феликс Куловдун жакын досу Дмитрий Цойдун кыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Куушта жайгашкан “Булат-М” аңчылык базасы өрттөнүп кеткени белгилүү болду.
Дмитрий Цой он жылдан ашык өзүнүн “Интел линкс” фирмасы аркылуу кыргыз жарандарын паспорт менен камсыз кылып, Кыргызстандын “паспорт королу” деп аталган миллионер бизнесмен.
“Булат-М” аңчылык базасы Кыргызстандагы эң аты чыккан база болчу. Ички шарттары Бишкектин 5 жылдыздуу мейманканаларындай жасалып, чет өлкөлөрдөн тынбай аңчылар келип турушчу.
2014-жылы азыркы бийликтин өкүлдөрү аны бир шылтоо менен камап, “саачусун саап” алгандан кийин кайра чыгарып жиберишкен.
Ошол окуядан кийин “Булат-М” аңчылык базасына экс-жан сакчы Эркин Мамбеталиев байма-бай каттап, эс алып калганы айтылып жүрчү.
Өрттөн кийин:
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ