Menu

Султандын чала жарылган “бомбасы”

Бөлүшүү:

Кандай десек да бираз чындыкка байлап сүйлөсөк ынанымдуу болот. Маселен, Кореядагы мурдагы элчи Кылыч Султандын тышкы иштер министрлиги тарапка таштаган “бомбасы” кыйла түйшүктү жаратты. Мындай жүз берген окуя мурда, кийин болгон эмес. Чак түштө түшкөн чагылганды сыпаттаган коогалаң бирөөлөрдүн жүрөгүн опкоолжутту десек калпы жок. Маселен, эбак бышып калган Эрлан Абдылдаевдин жүлүнүн сыздатканы чын болду. Ошол былыктарын тастыктап чыккан соң коопсуздук кеңеши иштен четтетүү боюнча сунушун ажого жиберип, анан жыйынтык тескери жагына-министрди кызматтан алуу менен аяктабадыбы?

Мындан сырткары социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги тополоң да Кылычтын “амири” аркылуу айхайлап чыккан. Бул тармактын да тос-тополоңу асманга жайылып, натыйжада төрт үлкөн кызматтагылар жеп жаткан “тортунан” ажырашты. Азыркы учурда кеткендердин ордуна кайсыл эптүүлөр келери жайгарылууда. Албетте, бөлөк-бөтөндөрдүн бул аймакка буту жетпейт, себеби кыскалык кылат. Тигил мурдагы элчинин да “кырдаал” өзгөрмөйүнчө өлкөдөн мурду көрүнбөй турган абалга жетти дегенден айбыкпайбыз. Баары бир өкмөттүн укуругу узун болорун кантип танууга дитибиз барсын? Антсе да ушуну менен окуяга чекит коюлду дешке ооз ирмелбей турат. Кызыктар дагы булт этип чыгары калетсиз. Султандын “бомбасы” толук эмес чала жарылып калды окшойт деген каңшаарлар жөн жерден айтылып жатпаса керек…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: