«Кызыл шапкени» баса кийген Бакир Тайыров деген коммерсант чалыш эргул бар. Бул өзү мамлекеттик кызматтарда жүрүп, туугандарына Терек-Сай сурьма кенинен 20 пайыздык үлүштү алып берип койгонун мойнуна алабы? Кыргызстандагы эң кирешелүү деген кен байлыктарга мамлекеттик кызматкер катары көшөгө артынан кийлигишип атса, а эмне үчүн АКС баштаган күч органдары байкабай отурат?
Терек-Сай кенине кандай жолдор менен тендер жүргүзүлгөнү, миллиондогон долларлар ойнолгону бир убакта ЖМКларга чыкканы унутулдубу? Дал ушул тармак боюнча тиешелүү күч органдары кызыгып, иликтөөгө алышса, коррупцияга каршы күрөшүүнүн үлгүсүн таап чыгышат беле? Деги эле булардын инвесторлору кимдер? Суроолор арбын. А жообун ким берет?..
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ