Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕӨАК кезектеги жыйынына катышат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 27-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы темаларын, ошондой эле ЕАЭБ ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: