Өткөн жумада Конституцияны өзгөртүүгө каршы түзүлгөн оппозициялык топтун айрым мүчөлөрүнө карата саясий куугунтук башталганын “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков билдирген. Ал Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгы жана Башкы тергөө башкармалыгы аны суракка чакырганын айтып, муну оппозицияны ооздуктоо аракети катары баалаган эле. Бул маселе боюнча экс-депутат, азыркы бийликке тайсалбай катуу сын айтып келе жаткан Равшан Жээнбеков дагы өз оюн билдирип, соцтармактагы баракчасында мындай пикирин жазды:
– Бийлике жакпаган нерселерди айтсаң, Коргоо Кеңешинин тапшырмасы менен милиция сурака алат. Бийлик, саясий кысымды, Конституцияны коргоо кыймылынын мүчөлөрүнө баштады. Биринчиси – Мавлян Аскарбеков. Бирок, баарыбызды коркута албайт! Баарыбызды камай албайт!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ