Өкмөт “Ишмердүүлүктүн субъекттерин коргоочу ыйгарым укуктуу өкүлү (Бизнес-омбудсмен)” кызматын киргизүү боюнча долбоордун планын бүгүн, 19-октябрда коомдук талкууга койду.
Токтомду аталган кызматты киргизүүнү колдогон Экономика министрлиги иштеп чыккан.
Министрлер кабинети аталган институт ишкерлердин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо, аларды мыйзам органдары тарабынан сактоого кепилдик берет деп эсептейт.
Буга чейин Бизнес-омбудсменин шайлоо тууралуу өтүнүчүн ишкерлер көптөн бери билдирип келген. Ошондой эле жакында өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен болгон жолугушууда бийлик ишкерлердин укугун коргой турган Бизнес-омбудсмен институтун киргизүүнү пландаштырып жатканын билдирген.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ