Menu

Бакыт Төрөбаев, депутат: Түрмөдө отурган КСДПчылар эки лидердин тирешинен жабыр тартышты

Бөлүшүү:

– Бакыт мырза, мурдагы президент менен учурдагы президенттин мамилеси тууралуу коомчулукта ар кандай сөздөр айтылууда. Саясатчы катары КСДПдагы абалды кандай сүрөттөөр элеңиз?

– КСДПдагы ички абал мамлекетке таасирин тийгизбеш керек. Тирешүүнү кимдер жасап жатышат? Менимче, мурдагы президенттин кеңешчилери, ушакчылар, интригандар жана элди ойлобогон адамдар. Баарыбыз билебиз, КСДП президенттик жарышка Сооронбай Жээнбековду чыгарышты. Шайлоодо ал утуп чыкты. Азыр президент. Өз ишин аткарып жатат. Бул үчүн КСДП «биздин өкүл президент болду», «биздин  жетишкендигибиз» деп сүйүнүшү керек эле. Бирок, мурунку президенттин айланасындагылар көралбастык кылып жатышабы, же Жээнбеков кол алдындагы адам болбой, өз алдынча мамлекет башчы катары саясат жүргүзүп кеткенине күйүп жатышабы, айтор, абал башкача нукка бурулуп кетти. Менин оюмча, Атамбаевдин «экс-президент» деген статусу бар, ал саясатка кийлигишпей, интрига кылган адамдарды «токтот» деш керек. Азыр бир топ КСДПчылар түрмөдө отурушат. Алар ошол эки лидердин (Атамбаев менен Жээнбековдун) тирешүүсүнүн негизинде жабыр тартышты.

– ТЭЦтеги коррупция боюнча Сапар Исаков камалганда Атамбаев «аны менден сурагыла» деп айтты эле. Күч органдары эмнеге Атамбаевди жоопко тарта албай жа-тышат?

– «Менден сурагыла» деген менен анын статусу бар. ТЭЦ боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Убакыт, Атамбаевден да сурачу күн келет.

– ТЭЦтин айланасындагы ишти «саясый иш» деп ойлойсузбу, же кандай?..

– «Саясый оюн» деп айткандан алысмын. Бир нерсени унутпашыбыз керек. 26-январда ТЭЦ жарылды, авария болду, бишкектиктер үшүдү. Эми ойлоп көрүңүз, ТЭЦке 386 млн. доллар келсе, анан ага «жаңы ТЭЦ курдук» деп лента кесип ачылышын кылса, бир жыл өтпөй авария болуп жатса, мунун кайсы жери саясат? Бул жерде техногендик авария болду. Ошонун негизинде эл кыйналды. Ал жерде сөзсүз коррупциялык схемалар бар.

– Учурда импорт биздин соодабыздын 70 пайызын түзөт экен. Бул экономика үчүн кооптуу көрүнүш эмеспи?

– Азыр АКШ, Европа өлкөлөрү Россияга карата санкцияларды киргизип жатышпайбы. Натыйжада, Россиянын экономикалык абалы оорлоп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан Россиядагы абалга көз каранды болбош үчүн өздөрүнүн ички продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүгө багыт алыпггы. Бюджеттен ишканаларга субсидия берилүүдө. Үч-төрт жыл өтүп, ички рыногун толук камсыз кылгандан кийин алар сырткы рынокту издей башташат. Биз дагы бүгүнтөн баштап импорт алмаштырууну ойлонбосок, жакынкы жылдйрда бизди кошуна өлкөлөрдүн товарлары каптап, биз аларга көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн.

– Жалал-Абаддагы эки үйдүн жайын айтыңызчы?

– Бюджет жөнүндөгү мыйзамды карап көрөлүчү. Стимгрантка 600 млн. сом, капиталдык курулуштарга 3 миллиард сом кетип атат. Бирок, сарпталган акча көзөмөлдөнүп жатабы? Мисалы, Жалал-Абадга 137 млн. сомго жакшынакай эки үй курулган. Бирок, азыр ишке киргизе албай жатышат. Себеби, аэропорттун жанына курулуп калган. Эми архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен транспорт министрлиги «эртең эле АКС менен прокуратура текшерет» деп жобону өзгөртүүдөн коркуп атышат. Эмне үчүн ошол курулуп атканда курулуш агенттиги мыйзамдарды карабай уруксат берип койгон? Азыр Жалал-Абад шаарында 20 курулуш компаниясы көп кабаттуу үйлөрдү курганыжатышат. Бирок, чиновниктердин айынан эки үйдү куруп токтотуп коюпггу. Анан «аймактарды өнүктүрүү керек» дейбиз. Жалал-Абаддын аэропорту толук кандуу деле иштебейт. Самолеттор күндүзү келип, күндүзү кайра учуп кетишет. Бир жумада үч эле каттам бар. Же шаар өнүкпөйт, же аэропорт толук кандуу иштебейт. 137 млн. сом жөн эле талаага чачылгандай болуп калды. Бул үчүн курулуш агенттиги жоопкерчилик тартышы керек.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: