Menu

Кыргызстан менен БАЭнин саламаттыкты сактоо министрлери саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:
Бүгүн, 30-ноябрда, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Саламаттык сактоо министри Абдул Рахман бин Мухаммад Аль Овайс мырза менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Кыргызстандын БАЭдеги элчилигинин активдүү жардамы менен өттү. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо  министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоодо тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле, COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр кесиптешин жыл сайын 2-декабрда белгиленүүчү Бириккен Араб Эмираттарынын түзүлгөнүнүн 49 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле ал БАЭ Өкмөтүнө буга чейин жеке коргонуу каражаттары жана санитайзерлер түрүндө көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Алынган жардам КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүүгө багытталган аракеттерине оң таасирин тийгизди”, – деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу жана БАЭнин коронавирус менен ооругандарды дарылоодогу натыйжалуу ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алмашуу үчүн онлайн-конференция аркылуу кызматташтыкты жөнгө салууга макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: