Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Москва шаарында оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу анын эжеси Анара билдирди.
Анын айтымында, алар Россияга иштегени кеткен. Москва шаарында жашаган. Анын 38 жаштагы сиңдиси Элиза оорудан улам 7-декабрда каза болгон, учурда анын сөөгү өлүканада.
Акчанын жоктугунан сиңдисинин сөөгүн үйүнө алып келе албай жаткандыктан, кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.
Эже-сиңдинин тууганы Шайыркул ата-энесинин да акчасы жок экенин, айыл тургундары да сөөктү Москвадан алып келүү үчүн акча чогултуп жатышканын айтат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ