Өзбекстанда криминалдык авторитет лидерлеринин бири деп аталып жүргөн ишкер Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Мындай чечим ишембиде Франко Фальчинелли бул кызматтан кетерин жарыялагандан кийин кабыл алынды. AIBA президенти ноябрда Москвада өтө турган уюмдун кезектеги конгрессинде шайланат.
Гафур Рахимов – белгилүү өзбек ишкери жана Азия бокс федерациясынын вице-президенти. AIBA сайтында Рахимовдун талапкерлиги Орусия бокс федерациясы тарабынан көрсөтүлгөнү жазылган. Өзбекстан бокс федерациясы дагы бул сунушту колдогон.
67 жаштагы Гафур Рахимов 1998-жылдан бери AIBA уюмунун аткаруучу комитетинин мүчөсү. 2002-2012-жылдары уюмдун вице-президенти болгон.
2012-жылы АКШ “Рахимов өзбек уюшкан кылмыш топторунун лидерлеринин бири, Борбор Азияда маңзат соодасы менен шугулданат” деп, каржылык санкция салган. Ал Өзбекстандан 2010-жылы чыгып кеткен жана ошондон бери Дубайда жашайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ