Menu

Душанбеде Кабулдагы теракттын курмандыктары эскерилди

Бөлүшүү:

Душанбенин тургундары ишембиде 103 кишинин өмүрүн алган Кабулдагы теракттын курмандыктарын эскеришип, Ооганстан элчилигинин алдына гүл коюшту. Алар ошондой эле дүйшөмбү эртең менен «Маршал Фахим» аскер академиясынын алдындагы кол салууну дагы айыпташты.

27-январда жанкечти бомба салынган тез жардам унаасын Ооганстан борборундагы өкмөттүк кварталга жакын жерде жардырган. Анда 103 адам каза таап, 235и, анын ичинде аскер кызматкерлери менен жай тургундар түрдүү жаракаттарды алышкан. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» радикал кыймылы өзүнө алды. 28-январда өлкөдө улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

30-январда суук аба ырайына карабастан Душанбенин ондогон жашоочусу, журналисттер жана дипломаттар Ооганстандын элчилигинин алдына чогулушуп, Кабулдагы теракттын курмандыктарын эскеришти. Чогулгандардын арасында АКШнын Тажикстандагы элчиси Жеф Руденур дагы болду. Ал ооган кесиптештерине көңүл айтты.

Мурдараак Ооганстандын TOLOnews телеканалы менен Reuters агенттиги жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат бештерде генерал Фахим атындагы Аскер академиясынын кире беришинде жарылуунун жана ок атуулардын үнү угулганын кабарлашкан.

Reuters агенттиги бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: