Бүгүн, 12-декабрда Жогорку сот экс-генпрокурор Аида Салянованын жактоочуларынын анын кылмыш ишин кайра карап чыгуу боюнча арызын карап, алардын суранычын канааттандырган жок.
Аида Салянова 2010-жылы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Юстиция министри болуп туруп, Максим Бакиевдин оң колу Алексей Елисеев издөөгө алынганына карабай анын адвокаттык лицензиясын узартып бергени үчүн Атамбаевдик режим тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ