Menu

Бороновго ишенип, кыштын ызгардуу бороонунда тоңбосок болду

Бөлүшүү:

Өкмөттүн күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү аракети аябагандай начар жүрүп жатканы байкалууда. Бул даярдыкты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеп жатат. Бишкек ЖЭБге жылда сатылып алына турган казак көмүрү боюнча тендер дагы деле жыйынтыктала элек. Бул тендердин эмитен эле ызы-чуусу чыга баштады. Тендердик комиссиянын мүчөсү көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев маалымат жыйын уюштуруп, Атамбаевге тагылып жаткан айыптардын бири “Шабыркуль көмүрүн” мыйзамсыз алып келген схема дагы деле иштеп жатат. Өкмөттөгү адамдар Кыргызстандан качып кеткен “Рассвет компани” ЖЧКсынын ээси Болот Абировду тапкыла! Ал өлкөдө жок болсо баласы шаардык кеңеште олтурат экен, чакыргыла! Мен өзүм сүйлөшөм” деп жатат. Өкмөттөгүлөр отставкага кеткиче 4-5 млн долларды көмүрдөн жеп калайлы деп аракетин көрүүдө” деп айтып салган. Өкмөттөгү кайсыл адам эски схеманы колдоп, миллиондогон доллардан көзү кызарып олтурду экен? Күзгү-кышкы мезгилге даярдыкты көрүүнү жетектеп жаткан Боронов эмеспи? “Шабыркуль” көмүрүн алып келебиз деп аткан “Контакт УглеПром” деп аталышы жаңы болгон, бирок артында мурунку эле адамдар турат деген компанияны күчкө салып жеңүүчү кылгысы келген адамдын жүзү тез арада ачылышы керек. Болбосо, президенттин коррупция менен күрөш аёосуз жүрөт дегени кайсыл?

Расул Умбеталиев “28-августта Өкмөттүн күзгү-кышкы мезгилге даярдык боюнча өткөн жыйынында Кубатбек Боронов “Бишкек ЖЭБге көмүр сатып алуу боюнча тендердин биринчи этабы аякталды. Экинчи этабында Бишкек ЖЭБге көмүр алып келчү компания тандалып алынат” деп уят болду. Тендердин биринчи этабы бүтө элек” деп Бороновду шылкыйтты. Боронов тендердин биринчи этабы өтө элек туруп, ишенимдүү түрдө экинчи этабы калды деп айтып жатканына караганда, алдын ала эле тендерди кайсыл компания утаарын чечип койгонбу? Эртең башка компаниялар тендер мыйзамсыз өткөнү, алардын укуктары тебеленгени боюнча сотко кайрылса Боронов өзү жооп береби? Соттошуу жүрүп, көмүр алып келүү үзгүлтүккө учураса кимдин башы кетет? Абал чактак. Боронов эмитеден эле баарын мыйзамдын чегинде көзөмөлдөбөсө, кышында өзү муздак жерде олтуруп калчу коркунуч жаралууда…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: