Курманбек Бакиевдерге жана анын жакындарына таандык делип улутташтарылган мүлктөр боюнча бүгүнкү күнгө чейин талаш-тартыш жараткан бүдөмүк, күмөндүү иштер көп. Улутташтырылбай дайын-дареги чыкпай калгандар да бар. Бакиевдердин доору бүткөн 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен 47 объект улутташтырылган. Бүгүнкү күндө бул тизмеге кирбей калган мүлктөр талаш жаратып келет. Алардын бири мурунку “Ала-Too” мейманканасы. Учурда борбордун чок ортосунда жайгашкан бир гектар жери бар, аталган мейманкана «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдун «Кыргыз мунай» ишканасына таандык. Тарыхый-маданий мурастардын тизмесинде турган бул мейманкана Пирматовдун колуна өткөндөн кийин, 2014-жылы Мамлекеттик курулуш архитектурасынын сунушу менен маданий мурас тизмесинен чыгарылган. Ага дейре мейманкананы оңдоп-түзөөгө делип мамлекет тарабынан 13 миллион доллар жумшалган экен. Бүгүн болсо жеке менчикке өтүп, жамшалган каражат кумга сиңген суудай жоголуп, болгону 5 миллион сомго сатылган мейманкана бузулуп, ордуна «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов ээлик кылган «Главстрой» курулуш ишканасы көп кабаттуу үй куруп жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ