Menu

Ирак ИМ тобунун жүздөгөн жоочуларынын үй-бүлөлөрүн кармап турат

Бөлүшүү:

Ирак бийлиги “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынын аялдары деп шектелген 1400 чет элдик кыз-келинди жана балдарды кармап турат.

Reuters агенттиги коопсуздук органдарынын жана укуктук жардам берүү уюмдарынын кызматкерлерине таянып билдиргендей, кармалгандардын көбү Түркиядан келишкен. Калгандары Тажикстан, Азербайжан жана Орусия жарандары. Алардын арасында бирин-серин франциялыктар жана германиялыктар бар.

Reuters кармалгандар Ирактан, анын ичинде Мосулдан кууп чыгарылган ИМ тобунун жоочуларынын аялдары жана балдары экенин кабарлоодо. Алар Мосулдун түштүк жагындагы лагерге жайгаштырылды.

Чалгындоо кызматынын офицерлеринин бири кабарлагандай, бийлик алардын тек-жайын жана жарандыгын тактоого аракет жасоодо. Себеби кармоо учурунда көпчүлүгүнүн документтери болгон эмес. Ирак армиясынын полковниги Ахмед аль-Таи Reuters агенттигине билдиргендей, өкмөт тапшырма бергенге чейин экстремисттердин үй-бүлөлөрү армиянын колунда болот.

Reuters агенттигинин кабарчылары гуманитардык зонада жүздөгөн аялдар жана балдар чымын-чиркейге таланып матрастарда отурганын, чатырлардын ичинде желдеткичтер жок экенин көрүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: