Жалал-Абад шаарында өткөн жылы тышкы инвестицияларды тартуу көлөмү 2016-жылдагыга караганда үч эсеге жогорулады. Ал эми жалпы инвестиция тартуу көлөмү 102 пайызга өскөн. Башкача айтканда, 2016-жылы анын көлөмү 3 миллиард 260,6 миллион сом болсо, өткөн жылы 3 миллиард 326,9 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.
Эгерде 2016-жылы тартылган тышкы инвестициянын көлөмү 298,2 миллион сомго тете болсо, өткөн жылы 893,7 миллион сомдук инвестиция тартылып, айырмасы 595,3 миллион сомго жетти. Башкача айтканда, өсүү 299,5 пайызды түздү.
Бирок, шаарда ички инвестиция тартуу жагынан солгундук байкалды. Эгерде 2016-жылы тартылган ички инвестициянын көлөмү 2 миллиард 962,2 миллион сом болсо, өткөн жылы 2 миллиард 433,1 миллион сомго жеткен. Демек, мурдагы жылга салыштырмалуу 529,1 миллион сомго аз болуп, өсүү 82,1 пайызды түздү. Ички инвесицияны тартуу жагынан артта калуучулукка өткөн жылы шаар бюджетинин жыл аягында бекитилиши себеп болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ