Бул тууралуу ИИМдин экс-орун басары К.Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов бүгүн ММКларга маалымат таратты.
Асановго каршы иштин алкагында күч түзүмү дале тууган-туушкандарын, жердештерин, жакын санаалаштарын текшерип жатканын жактоочу белгилей өттү. Бирок ИИМ бул кине коюуларды четке какты. “Басым жасалганы тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Ишти башынан эле Аскердик прокуратура карап келет. ИИМ эч кандай тергөөгө кийлигише албайт, анын карамагында эмес. Жактоочунун ИИМди каралоо аракети суу кечпейт”, – дешти ИИМден.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ