Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү долбоордо 2020-жылдын республикалык бюджетин кабыл алып, 2021-2022-жылдардын бюджетинин божомолун карап жатканда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын банктарынан былтыр 48,3 миллиард доллар чет өлкөгө которулганын айтты.
Улуттук банк маалымат булактарынын бирине бул мыйзамдуу операция экенин түшүндүргөн. Маалыматка ылайык, айтылган маалыматтар коммерциялык банктардын баардык операциялары боюнча жүргүзүлгөн акча каражаттарын чагылдырат.
«2018-жылы өлкөнүн коммерциялык банктары 88,6 миллиард доллар суммасында операцияны ишке ашырышкан. Быйылкы 1-жарым жылдыкта ушундай эле операциялардын көлөмү 48,1 миллиард долларды туздү», — деп билдиришкен Улуттук банктан.
Адистердин айтымында, коммерциялык банктар белгилүү бир мезгилде операциялык ишмердүүлүгүнүн алкагында көп сандаган өз каражатын чет өлкөгө чыгарып, кайра аны республикага багыттай алат. Тактап айтканда, каржылардын айланпасы болот.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ