Menu

Нарын шаарында өткөн Элдик жалпы жыйындын бийликке Кайрылуусу

Бөлүшүү:

«Адамдардын саяий,экономикалык ,социалдык укуктарын коргоо» боюнча комитетинин жана «Алтын жылдыз эне» коомдук уюумунун Теңир –Тоолук батыр энелеринин атынан  

Кыргыз элине, президентке, өкмөткө, парламентке, Башкы прокуратурага,

Нарын шаарында өткөн Элдик жалпы чогулуштун  бийликке

                                                          Кайрылуусу

Биздин кайрылуубуздун себеби төмөндөгүдөй, мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары Самаков Карганбек  жана Нариман Тулеевдердин эли жери мекени үчүн жасаган иштери патриоттуулугу, билимдүүлүгү даанышмандыгы, гумандуулугу менен элдин эсинде. Биз,  Карганбек Самаковду жана Нариман Тулеевди эки  жолу Жогорку Кеңешке бир добуштан депутат кылып шайладык. “Эл тараза эл калыс” булар депутат катары мыкты иштерди аткарды. «Кан Манастын кадырын,  чачылганда билерсиң, өз душмандын өртүнө  катылганда күйөөрсүң» дегендей, биз Кыргыз элинин элдик уулу Карганбектин соттук иштерине калыс акыйкат баа берип, кыргыз элине кылган ак кызматын эске алуунарды өтүнөбүз.

Ал эми Наримадын Тулеевдин соттук иши кайрадан каралып, юридикалык баа берилишин талап кылабыз.

Манас :«Кимден калбас бул дүйнө  өлбөй тирүү жүргөндө не мураска жетейин, кырк үйлүү Кыргыз журту үчүн курман болуп кетейин деп айткандай, Карганбек уулубуз дуйно жүзүнө кыргыз элин даңазалады.  Манас элин кыргыз элин Юнеского киргизди. Бул эмне эрдик эмеспи? 2016-жылы КР маданият жан тарых жылы болуп бизди сүйүнтүп турат.  Биз Манастын тукумубуз пейилди кенен алып, адамдын асылдыгын, өмүрдүн  кыскалыгын элдин ыйыктыгын унутпайлы! Нариман шаар башчы болгондо кандай кызмат кылганы борбор шаарыбызды кандай гүлдөтүп өстүргөнү элдин эсинде.

Карганбек Самаков жөнүндө Нарын элине гана эмес Кыргыз элине жасаган иштерин айта берсек узун кеп. Урматуу Кыргыз эли, президент, парламент,  өкмөт сиздерден адамдардын саясий-экономикалык, социалдык укуктарын коргоо боюнча комитети жана Нарын жергесинен чыккан асты он баланы арты 7 бала төрөгөн,  Теңир Тоолук баатыр энелер , биздин уулдарыбыз Карганбек Самаковдун , Нариман Тулеевдин азыркы учурдагы акыбалдары бизди тынчсыздандырат. Ошондуктан бул иштер боюнча каралоо, жамандоо  жагын гана эмес калыс баа берип, бул азаматтардын кыргыз эли үчүн, кыргыз тарыхы үчүн кылган зор эмгектерин эске алууңарды көптөн көп өтүнөбүз!
Нарын элинин атынан жыйындын катышуучулары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: