Menu

Бекболот Талгарбеков, коомдук жана саясий ишмер: “Менин абактан чыгышым – Сооронбай Жээнбековдун саясатынын негизинде болду”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, үч жылдан бери абакта жаткан “Элдик парламент” кыймылынын лидери, мурдагы министр Бекболот Талгарбеков 7-мартта абактан шарттуу түрдө , мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Ага чейин Жогорку сот Бекболот Талгарбековдон “мамлекеттик төңкөрүш жасоо” беренеси боюнча коюлган айып боюнча актаган эле. Биз абактан чыккан соң Бекболот Талгарбековго жолугуп, айрым суроолорубузга жооп алдык…

– Жогорку соттун сизди актаган чечими өлкөдө адилеттик орной баштагандыгынын желаргысыбы?

– Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы “желдеттеринин” колдору менен бизди, “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин беш мүчөсүн “төңкөрүш жасашмак” деген курулай жалаа менен узак мөөнөттөргө соттоткону жалпыга маалым. Алар ал мезгилде бизди “абакта чөгүп, ооруп, чирип жок болушат, өз кылмыш иш-аракеттерибиз унутулуп калат”- деген таттуу кыял, үмүттө болушкан. Бирок Фарид Ниязовдун, Абдил Сегизбаевдин, Индира Жолдубаеванын, Айнаш Токбаеванын, Биринчи май райсотунун судьясы Мирлан Термечиковдун жана башка мыйзамды тебелеп-тепселеп, адамдардын тагдыры менен топташ ойношкон атамбаевдик банда мүчөлөрүнүн ой-максаттары таш капты. Жогорку сот 6-февралда мени, Башкы прокуратуранын талабына ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси боюнча (“мамлекеттик төңкөрүш жасоо”) таза актап, саясий жагдайда толук реабилитация жасады! Ал берене боюнча мени жана жардамчым Төрөбай Колубаевди он эки жылдан соттошкон. Сегизбаевдин конторасынын кылмыш иш токуган жомогуна ишенсек, анда мен 2014-жылдан баштап А.Атамбаевди президенттик тактыдан төңкөрүш жолу менен кууп чыгууну пландап келиптирмин. Ал үчүн Аскар Акаевге кат жазыптырмын жана Москвага барып көрсөтмө алып жүрүптүрмүн. Дагы Россиянын ФСБ генералдарын колдонуп кылмыштуу бирикме түзүптүрмүн. Бекем жашырып келген “бузуку ой-максатымды” билип калган Сегизбаев мени алдын-ала камап, өлкөнү “чоң ызы-чуудан, кандуу төңкөрүштөн” сактап калыптыр. “Жалгыз өзү төңкөрүш жасамак десек коомчулук ишенбей койбосун”- деп мага Колубаевди кошуп коюшуптур. Атамбаевдин бандасынын мындай жомогун терең талдаган Башкы прокуратуранын азыркы жетекчилиги Жогорку сотто мени толук актоону чечкиндүү талап кылды.

Ошол эле мезгилде, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун бизди соттошкон судья, прокурорлорунун дал-дал айрылган шымдарын жамачылоо далалатын да көрүп, Жогорку сот 299-берене боюнча (“аймак аралык кастыкты козутуу”) мага берилген беш жылдык мөөнөттү күчүндө калтырды.

Анткени, бул берене боюнча да акташса, анда Атамбаевдин банда мүчөлөрүнө дароо кылмыш иши козголушу керек болмок! Бирок, менин бул берене боюнча да толук акталаарым – бул убакыттын гана иши. Себеби, “супер киллер” атыккан М.Термечиков мени Атамбаевдин сөздөрүн кайталап жазып койгонум үчүн гана 299-берене боюнча зөөкүрлүккө салып соттогон. Эске салсам, мен Атамбаевдин “таластыктар эл эмес”, “жалалабаддык баатыр энелер катындар, ОБОН мүчөлөрү”, “нарындыктар заараңар менен Нарын дарыясын булгап жатасыңар”, “көлдүктөр каракчы, бандитсиңер” деген кыргыз элин мазактаган сөздөрүн сынга алган элем. Бул сөздөр үчүн мен соттолушум керек беле же Атамбаевби? Өзүңөр калыс болгула. Кыргыз элибиз “кыңыр иш кырк жылда билинет”- дейт эмеспи. Атамбаев жана анын бандасы мыйзам алдында эртели-кеч сөзсүз жооп беришет.

– Жогорку соттун сизди саясий реабилитация жасоого түрткөн себептерин чечмелеп берсеңиз?

– Биринчи себеп – бул коомчулуктун саясий туткундарды бошотуу талаптары болду. Албетте, алгач биз камалган 2016-жылы Фарид Ниязовдун “Геббельстик пропаганда машинасы” эки-үч ай бизди “эл бузарлар” деп тынбай кармап турду. Бирок элибиз ак-караны тез эле ажыратты. Коомчулуктун саясий туткундарды колдоп келе жатканы кашкайган факт. Мисалы, зор тажрыйбалуу коомдук ишмерлерден турган комиссиянын жасаган терең талдоосуна жана корутундусуна ылайык, Атамбаевдин бийлиги учурундагы саясий туткундардын иш-аракеттерине “төңкөрүш жасоо” беренесин чаптоого таптакыр мүмкүн эмес. Биз ал инсандарга абдан ыраазыбыз. Алар – УКМКнын мурдагы төрагалары Феликс Кулов жана Кеңешбек Дүйшөбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Мукар Чолпонбаев жана Зайнидин Курманов, мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев жана генерал Марат Иманкулов. Ал эми саясий туткундарды коргоо жана сөз эркиндигин коргоо комитеттери биз үчүн тынымсыз күрөшүп келди. Алардын жетекчилери Сапар Аргымбаевге, Зульфия Маратка, Адил Турдукуловго, Замира Сыдыковага алкыш айтабыз.

Экинчи себеп – бул президент Сооронбай Жээнбековдун тазалануу жана жаңылануу саясатынын таасири. Күч-сот түзүмдөрүнө мыйзам кайрыла баштады. Башкы прокурор Өмүрбек Жамшитов президенттин саясатын колдоп, саясий туткундарды бошотуу боюнча алгачкы кадам жасады деген пикирдемин.

Үчүнчү себеп – өлкөнүн талылуу маселелерин көтөрүп, аларды чечүү жолдорун сунуштап жаткан Элдик Курултай саясий туткундардын да тагдырына көңүл буруп, бул маселени алдыңкы планга алып чыкты. Биз, саясий туткундар, 24-ноябрда өткөн курултайдын делегаттарына терең ыраазыбыз. Ошондой эле, жаңы акыйкатчы Токон Мамытов, бөлүм башчысы Альберт Көлөповдор да бизге көп көңүл бөлүп жатышат.

– Атамбаевди сотко 6ерериңизди айттыңыз. Себеби?

– Себеби сиздер жакшы билесиздер. Атамбаев “Элдик парламент” түзүлгөн күндөн баштап азыркы күнгө чейин бизди “ФСБнын генералдарын колдонуп, төңкөрүш жасаганы жатат”- деп бети кызарбай калпты айтып келе жатат. Мен сотко дал ушул маселе боюнча кайрылам. Келип, айткан сөздөрүн далилдеп берсин, анткени, мунун баары Атамбаевдин курулай фантазиясы, ойдон чыгарылган нерсе,

– Генералдар менен кийинки мамиле кандай болот?

– Мен үч жылдан бери абакта жаттым. Эми эркиндикке чыктым, демек, байланышка чыгабыз. Абакта жатканымда алардын колдоосун сезип турдум. Алардын бири – Бахтияр Алиев ачык эле маек берип, бизди колдоп, бардык аракеттерибиз мыйзам жүзүндө болгондугун айтты. Ал 2010-жылдын июнунда түштүктө орун алган окуялар боюнча биздин түзгөн комиссияга төрага. Муну журт жакшы билет. Биздин ошол кезде айтып чыккан нерселер четинен далилдене баштады. Бул жаатта иш уланат. Генералдар менен мындан ары да кызматташабыз. Айта кетүүчү нерсе, бул генералдар Кыргызстанды жарандары болгондуктан, өлкөбүздүн келечегине абдан күйүшөт. Кайдыгер эмес.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: